Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 13.04.2018 10:06

Жаш талант: Бакай-аталык бийчи С.Абдыбекова чет өлкөлөргө чейин барып, сынактарга катышууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылынын 16 жаштагы тургуну Сезим Абдыбекова 8 жылдан бери бийлеп сынактарга катышып келет. Бийчи кыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 9-класста окуп жатат.

«Бийге кичине кезимден бери эле кызыгуум бар болчу. Апам аны байкап, 8 жашымда Талас шаарындагы бий ийримине алып келди. Бий ийримине жаңы киргенден баштап, жакшы бийлеп ансамблга кошулгам. Ар кандай бий боюнча сынактарга, фестивалдарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп жүрдүм. Азыр «Даткайым» бий тобунда иштейм. Топто 12 кыз бийлейбиз.
2013-жылы Бишкекте откон Республикалык балдар чыгармачылык фестивалында бийлеп жеңишке жетип, мурдагы билим министири К.Садыковдун колунан сыйлык алгам. Ошол күнү борборубуздун эс алуу паркынын биринде дагы жаш балдар арасында дагы бий боюнча ар кандай оюндар, сынактар уюшулган эле. Менин бут кийимим айрылып калган экен. Жанымдагы кыздар жыргап ар кандай кызыктуу нерселерге катышып жүрсө мен жаткан жерибизге кеткенге чейин бир ордумдан жылбай отургам. 2017-жылы «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу конкруста кыргыз бийин бийлеп, республика боюнча 1-орунду ээси болгом. Ошол эле жылы Түркия мамлекетинде ар кайсы улуттар арасында уюштурулган сынакка 2 жолу катышып, жеңүүчү аталдык. Андан тышкары Кипр өлкөсүндө болуп өткөн фестивалда ийгилик менен кайтканбыз. Келечекте бий сабагынан мугалим болгум келет», - деди ал.

Бийчи кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×