Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Талас

Кайын эне: Таластык Айсалкын апа келин алып жатканда сүйүнүп жатып, буттарын күйгүзүп алган (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 70 жаштагы тургуну Дүйшөнкулова Айсалкын апа биринчи келинин алып жатканда сүйүнгөнүнөн 2 бутун күйгүзүп алган. Аймактык кабарчы Айсалкын ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Көк-Токой айылына 1967-жылы келин болуп келген.

«Жолдошум Дүйшөнкулов Матай менен 19 жашымда баш кошконбуз. Биз жаңы келин болуп келгенде азыркы келиндердей болгон жокпуз. Бардык жумуштарды кол менен жасачубуз. Нан жапсак нан күйүп же бышпай калып, итке ыргытсак жебей (күлүп) кайын энеден уруш укчубуз. Азыркы келиндер бардык нерсени атайын жабдыктарга бышырып, жумуштары жеңилдеп калды. Өзүм кой союп койдун терилерин абысыным экөөбүз сыйрып тазалачубуз. Кайын агалар кой союшчу эмес. Алар конок тосордо мууздап берип, калганын бизге таштап кетип калчу. Калганын биз тазалачубуз. Жолдошум ал убакта Көк-Токойдо башталгыч класстарга мугалим болчу. Мен болсо мектепте ашпозчу болуп иштечүмүн. Экөөбүз 8 баланын ата-энеси болдук. 3 кыз, 5 эркек бала төрөдүм. Жолдошум 1991-жылы көз жумду. Жолдошум менен туура 25 жыл жашадык. Учурда 3 күйөө балам, 5 келиним бар», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле келин алган учурларды эскерди.

«Эң улуу балам Мирлан келинчегин алып жатканда кызыктуу окуяларым көп болгон. Келин алып жатканда аябай сүйүнүп, бутума чейин күйгүзүп алгам. Келин келе жатканда шашып, казанга боорсок бышырып жатып, колуман түшүп кетип, май чачырап 2 бутумду күйгүзүп алгам. Биринчи келин алганда сүйүнүч болот экен да (күлүп). Андан кийинки келиндеримди алып жатканда тажрыйбалуу болуп калдым. Учурда эң кичүү баламдын колундамын», - деди ал.

Айсалкын апа 8 баласынан 28 небереси, 4 чөбөрөсү бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1147
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×