Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Талас

Жеңеке: Зульфия жеңе 100 сомду доолап жатып бактысын тапкан (фото)

Turmush -  

Таластык жубайлар Автандил Дүйшөнов менен Зульфия Дүйшөнова карыздын айынан жолугуп, бири-бири жактырып калышкан. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

25 жаштагы Зулфия айымдын айтымында, Талас районунун Көк-Ой айылында өскөн. Азыркы учурда Талас капиталдык курулуш башкармалыгында иштейт.

«Автандил 1988-жылы төрөлүп, Талас шаарында өскөн. Юридикалык академияда окуган. Азыркы учурда ал жеке ишкер. Экөөбүз Таластагы SONY компьютердик клубунан таанышканбыз. Ошол жерге акем «1 жумага иштеп берип тур, шаарга барып келейин» калтырып деп кеткен. Ал жерге 2 бала келип ойноп, кетип жатканда 100 сом акчасы жетпей калды. Жетпей калганда бардык балдардын карызын кагазга жазып койчумун. Ошондо негедир карызга жазгым келбей «акчаны төлөп кеткиле» деп туруп алдым. Алар досуна чалып, ал келип акысын төлөгөн. Ошол бала келечектеги жолдошум болуп чыкты. Анан эшикке чыкканында досторуна «ушул менин жубайым болот» деп айткан экен.

Кийин ошол сөзүндө айткандай 2 жыл сүйлөшүп жүрүп, 2015-жылы 6-июнда баш коштук. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө ар бир жолуккан сайын бирде ак, бирде кызыл кылып 1 даанадан роза алып келип турчу. Кээде апама да шоколад ала келчү. Азыр жолдошума «мен ошондо карызга жазып койсом эмне кылат элең?» деп тамашалап калам. Ал болсо «бир күнү болбосо да бир күнү сени тапмакмын» дейт (күлүп). Жолдошума кайсыл сапаттарым жагарын деле айтпайт. Жөн гана «сен менин жубайымсың сендей жубайым барына бактылуумун» деп айтат», - деди ал.

Зульфия айым учурда 2 баланын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1563
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×