Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Талас

Таласта чиновниктин айдоочусунун катышуусунда болгон чатак иликтенип жатат

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айдоочусу катышкан чатак иликтенип жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 8-апрель күнү саат 18:30 чамасында Талас облустук ооруканасынан Көк-Токой айылынын 1976-жылы туулган тургуну Каныбек Иманбаевдин сабалып түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Иликтөө учурунда ал өзүнүн 1986-жылы туулган Каныбек аттуу айылдашы сабагандыгын билдирген. Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул факты боюнча кылмыш иш козголо элек, экспертизанын корутундусуна ылайык мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Ооруканага түшкөн Каныбек Иманбаевдин айтымында, аны сабаган айылдашы өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айдоочусу болуп иштейт.

«Мен Көк-Токой айылынан токой жээкке барсам, таякем «КамАЗы» менен туруптур. Ал ошол жакта жашаган Каныбек аттуу айылдашыбыз менен чырлашып жатыптыр. Мен ортого түштүм. Анан мени ура баштады. Иним келип, таякем экөөлөп ажыратып жатышты. Кетели десек Каныбек таш менен астымдан тосуп туруп, досторун чакырды. Спортук кийимчен 5-6 бала келди. Каныбек менен дагы бир бала мени башка-көзгө ургулап сабашты. Ооруканага түшүп, өзүмө жаңы келип жатам. Губернатордун шоопуру экен, ошого таянып жатса керек. Менин ишимди милиция кызматкерлери карабай жатат. Бир жолу түшүнүк кат алып кеткен бойдон кабар жок», - деди ал.

Айыпталып жаткан Каныбек Өзүбеков дагы ден соолугуна байланыштуу ооруканада экени белгилүү болду.

«Мен Көк-Токой айылында окуя болгон жерде жашайм. Мындан бир нече жыл мурун 50дөн ашык адамдын колун топтоп, кум ташыгандарды токтотком. ӨКМ жыл сайын милиондорго дамба салат. Мыйзамсыз кум ташыгандар суунун нугун бузуп, карьер кылып алышкан. Ошол күнү токойго «КамАЗ» менен экскаватор киргенин көрдүм. Барсам 3 киши экен. Кум алба деп жаран катары айттым. Анткени жаратылышты сактайлы деген демилгени мен көтөрүп чыккам. Өзүм жашаган аймактын сактыгын каалап айттым. Аңгыча экөөбүздүн ортобуздагы сөз жаңжалга айланып кетти. Тиги адам мени жакалап кирди. Аркамдан инилери муунтуп, бири чекемди айрып жиберди. Мен ачууланып, инисин бетине уруп жибердим. Үчөөлөп жабылып сабашты. Жалгыз алым жетпейт эле. Көчөдө кошуна балдар чуркап келип куткарып калышты. Үйгө келип, жатып калдым. Башым ооруп, ооруканага түштүм. Талас райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жаздым. Соттук-медициналык экспертизадан өткөрүштү. Ошондон бери ооруканада көзөмөлдөмүн. Мунун жумуш менен тиешеси жок, менин үйүмдүн айланасы болгондуктан эскерткем», - деди ал.

Айдоочуну иштен алышты.

Кийин 16-апрелде Талас облосунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин басма сөз катчысы Бакай Садыров айдоочу Каныбек Өзүбеков жумуштан кеткендигин билдирди.

Маалыматка караганда, облус жетекчисинин айдоочусунун жумуштан алынышына өзүн коомдо алып жүрө албаганы себеп болгон. Жумуштан алуу боюнча буйрукка чарба бөлүмүнөн чечим чыгарылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1515
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×