Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Талас облусуТалас району 13.04.2018 17:36

Жеңеке: Гүлмира жеңе каршылыктарына карабай ата-энесине кат жазып таштап кетип Таласка келин болгон (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Үч-Терек айылында чоңойгон Сатардинова Гүлмира жеңе каршылыктарга карабай Таласка келин болуп келген. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 36 жашта, жолдошу Айтбай Чороев 41 жашта.

«Орто мектепти аяктаган соң шаарда окуп, ашпозчулук кесипке ээ болуп чыктым. Окуумдан тышкары деп акемдин дүкөнүндө сатуучу болуп иштеп жүрчүмүн. Жолдошум ошол дүкөнгө жакын жерде жашачу. Дүкөнгө күндө келип, менин кардарыма айланды. Мени менен таанышуу амалын издей берчү. Арадан көп убакыт өтпөй мамилебиз жакындай берди. Башында аке карындаш катары саламдашсак, кийин саламыбыз сүйүүгө айланды. Айтбай менен 2001-жылы август айларында таанышкам. 6 ай сүйлөшүп, 2002-жылы февраль айында баш коштук. Мага сүйүүсүн дүкөнчү эже аркылуу билдирген. Ал эже күйөөсү менен келип жолдошумдун айткандарын баарын айтып кетишти. Ошентип жүрүп турмуш курууга макулдук бергем. Баш кошуубузга менин ата-энем каршы чыкты. Ага караган жокмун. Кантсе да сүйүү — сүйүү экен да (күлүп). Ошентип Таласка кете турган күнү ата-энеме кат жазып таштап кеткем. Экөөбүз шаардан чыгып, түнкү автобуска түшүп келгенбиз. Таңга маал жолдошумдун достору тосуп алышкан. Үйдүн экинчи келини болуп келдим. Эсимде калганы көшөгөдөн чыгып, жумуш кылып келип, төрдүн төрүнө отуруп алып, абысындарыма уят болгом.

Токтогулдун кыздары ырчы болот деп коёт. Аяштарым отуруштарда ырдатмайынча кетирбейт. Үйдө атам апамдын көзүнчө деле ырдап жүрө берем», - деди ал.

Гүлмира жеңенин кайын энеси Зууракан апа келинин жакшы көрө тургандыгын кошумчалады.

«Ар бир ата-эне балдары турмуш курарда «алыстан алба, жол азабы бар» дейт болуш керек. Мен да башында так секирип, каршы чыккам. «Кокуй Токтогулга кантип жетебиз, Таластын кызы калбай калыптырбы?» дегем. Экөөнүн бактысы экен биз каршы чыкканыбызга карабай баш кошушту. Гүлмира келиним адамгерчиликтүү, ар дайым сыйлап турат. Менин жардамчым, акылыма акыл кошуп турат. Ак жолтой келин болду. Токтогулду алыс дечү элем, кийинки балам жубайын Нарындын Ак-Талаасынан алды (күлүп)», - деди ал.

Гүлмира жеңе жолдошу менен 3 уул, 1 кызды өстүрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×