Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Талас облусуТалас району 13.04.2018 18:10

Жубайлар: Кенжегүл айым жолдошуна устачылыкты үйрөтүп, экөө чогуу үйлөрдү оңдоп иштеп жатышат (фото)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылындагы 42 жаштагы Мамытова Кенжегүл жеңе жолдошуна үйлөрдү евроремонт кылганды үйрөтүп, азыр экөө уста болуп иштеп жатышат. Аймактык кабарчы жубайлар менен таанышты.

Кенжегүл айымдын айтымында, Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын кызы. Жолдошу Майрамбек Кулманбетов менен 2008-жылы баш кошкон.

«Бир тууган эжем үйлөрдү заманбап стилде жасалгалап иштечү. Мен ага кошулуп 2006-жылдан бери иштечүмүн. Жолдошум менен ошол жерден таанышып калдык. Майрамбек экөөбүздүн мамилебиз бири-бирибизге жагып, 2 ай кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Ал мага кооз гүл көтөрүп келип, турмушка чыгууну суранды. Мен макулдугумду берип, 2008-жылы 15-октябрда Талды-Булак айылына келин болуп келгем. Майрамбек үй-бүлөдө 15 бир туугандын кичүүсү. Өзүм 15 бир туугандын алтынчысы болом. Мен үйдүн төртүнчү келини болуп келдим. Таласка келгенде кайын журтум жакшы кабыл алышты. Өзүмдүн ата-энем каршылык көрсөткөн жок, бактымды тилеп узатышкан.

Бир күнү кайын энем илегенди алып келүүмдү суранды. Мен дагараны көтөрүп келгем. Көрсө бул жакта камыр салуучу нерсени илеген дейт экен. Мен буюмдардын аталыштарынан эле кыйналбасам, калган жумуштан эч кыйналган жокмун.

Башында айтып кеткендей 2006 жылдан бери үйлөрдү жаңы стил менен кооздоп иштейм. Жолдошума үй жасалгалаганды 2009-жылы үйрөткөм. Азыркы учурда экөөбүз чогуу иштейбиз. Бир үйдү баалап жасайбыз. Үй ээсинин калоосу менен кооздоп жасап бергенибиз орточо эсеп менен 30 миң сомду түзөт», - деди ал.

Жолдошу Майрамбек мырза жубайынын устачылыгына элдин бардыгы таң кала тургандыгын кошумчалады.

«2008-жылы Ысык-Көлдүн ак куусуна баш коштум. Жубайымдын мыктылыгын баалайм. Жумуш жактан алдына киши салдырбайт. Өтө тынч жана шайыр адам. Евроремонтту мага Кенже үйрөткөн. Элдин бардыгы «кантип аялыңа үйрөттүң?» деп таң калат. Мен «мен эмес, ал мага үйрөткөн» деп айтып келем. Жубайыма өзүнүн иши жагат. Экөөбүз чогуу иштеп көп кызыктарга кабылабыз.

Бир жолу бир үйдү жасап жатып кокусунан экөөбүз тең бирдей кулап түшкөнбүз. Кудай сактап жеңил эле жаракат алдык (күлүп). Сезон учурунда Ысык-Көлгө, Нарынга, Бишкекке чейин барып үйлөрдү жасап келген учурлар болгон. Эң негизгиси бактылуубуз. 5 баланы тарбиялап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×