Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Талас

Жаш талант: Таластык 15 жаштагы Акыйкат грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышат (фото)

Turmush -  Талас районунун Жоон-Арык айылынын 15 жаштагы тургуну Акыйкат Кулжигит уулу грек-рим күрөшү менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында окуйт. Мелдештерге 45 кг салмакта чыгат.

«Грек-рим күрөшү менен 5 жылдан бери машыгып келем. Бул спортко 10 жашымда дос балам экөөбүз келгенбиз. Учурда 50дөй диплом, 30дай медаль, 7 кубоктун ээсимин. Эң биринчи жеңишим Талас шаарында балдар арасында откон мелдеште болгон. Анда 1-орунду ээлегем. Ошондон кийин күрөшкө болгон кызыгуум күч алды. Жакында КРнын чемпионаттында 1-орунду ээлеп, Азия чемпионатына катышууга жолдомо алдым. Күрөшкө жаңы келгенде 25 кг салмакта күрөшсөм, азыр 45 кг салмакта күрөшөм. Кичинекей кезимде жеңилип калган учурда агайым урушат деп ыйлап калчу элем (күлүп). Азыр жеңилген сайын кайра ошончо көп машыгам. Алдыда Ташкентте өтө турган Азия чемпионатына андан кийин Хорватиядагы турнирге сапар алабыз. Ошолорго катуу даярданып жатам. Келечекте дүйнөлүк Олимпиаданын чемпиону болууну каалайм», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1285
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×