Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусуБаткен району 16.04.2018 15:43

Айыл турмушу: Баткендик А.Мусаев майыптыгына карабай айдоочу болуп иштеп, тоолорго балдакчан чыгат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылынын 31 жаштагы тургуну Абдулашим Мусаев майыптыгына карабай таксист болуп иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2002-жылы 8-класста окуп жүргөндө велосипед тээп жүрүп бутун сындырып алган. Алган жаракаты кийин ракка айланып, дарыгерлер бутун кесип салышкан. Үй-бүлөдө 11 бир тууган. Былтыр Айгүл-Тоого 11 жолу чыккан. Айрымдар тоого чыгууда артта калып калышат. Башкалар эс алып жатып чыгышса, балдакчан токтоосуз чыгып кете алат. Айдоочу катары Арстан-Бап, Сары-Челекке чейин барып келген.

«Учурда Баткенде айгүл гүлдөп жаткандыктан Айгүл-Тоого кардарларды ташып жатам. Кара-Бак айылынан Айгүл-Тоого чейин 700 сомдон 1000 сомго чейин алып келем. Бүгүн Айгүл-Тоого кардарларды 2 жолу ташыдым. Экөөндө тең Айгүл-Тоого чыгып түштүм. Экинчи жолу чыкканда 35 мүнөттө чыктым. Мага тоого чыккан жагат. Бийиктен жердеги адамдарды карап, таза аба жутуу өзүнчө ырахат. Анан да айгүл гүлүн көрүп гүлүн ырахаттанасың», - деди ал.

Айдоочу жубайы экөө 2 кызды тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×