Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуТалас району 23.04.2018 15:30 Жаңыланды: 01.08.2018 12:11

Айыл турмушу: Таластык У.Сыдыков 15 жылдан бери камчы өрүп сатат (фото)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 41 жаштагы тургуну Улан Сыдыков 15 жылдан бери камчыларды өрүп сатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылык өнөр ага таятасынан өткөн.

«Таятам ат жабдыктарын жасаган чоң уста киши болгон. Мен таятамды тартыптырмын. Ээр, комуз чаап, жүгөн жасап жүрөм. Бирок азыр ал нерселер көп бааланбай жана көп колдонулбай калды. Бул жагы өкүнүчтүү. Бирок эмнегедир камчы жасоону улантып келем. Себеби буйрутма көп түшүп турат. Камчы өрүүгө материал алуу үчүн 3 миң сомдой каражат кетет. Камчынын сабы эликтин бутунан же табылгыдан жасалат. Бир камчыны жасоого 3 күн убакыт талап кылынат. Бул өтө кылдаттык менен жасалуучу жумуш. Буйрутма берген адамдар көбүнчө улак чапканга деп жасатышат. Баасын болсо жасатып жаткан адамдын көңүлүнө карап баалайм. Малдуулар кой беришет. Акчалуулар акча беришет. 2 миң сомдон өйдө 5 миң сомго чейин бааланат. Кээде ырымдап атайлап берген учурларым да болот. Кышында эле классташ кызыма 7 кыздан кийин уулдуу бол деп атайын күмүштөн камчы жасап бердим (күлүп). Камчы өрүү менен кышында көп отурам. Жайкысын талаа жумуштары менен алектенем», - деди ал.

Уста жубайы Дилбара айым менен 3 баланы тарбиялап келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×