Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 23.04.2018 16:54

Таластык 16 бийчи кыз Кипрде өтүп жаткан эл аралык фестивалга катышууда (фото)

Turmush -  Таластык 16 бийчи кыз Кипрде өтүп жаткан эл аралык фестивалга катышууда. Бул тууралуу Талас шаарындагы «Баластан» борборунун жетекчиси Чолпон Сарыгулова билдирди.

Анын айтымында, аталган балдар фестивалы жыл сайын өтүп турат.

«Таластан 9 жаштан 12 жашка чейинки 16 кызыбыз улуттук бийлерин даярдап келишкен. 17-апрелде башталган фестиваль 25-апрелге чейин өтөт. Фестивалдын алкагында балдарыбыз Кипрдин Кириния, Лефкосия, Лефка шаарларында болушту. Фестиваль балдарга абдан жакты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×