Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 23.04.2018 17:27 Жаңыланды: 10.07.2018 15:01

Айыл турмушу: Таластык тарбиячы К.Капарова Түркияга барып, кесиптик тажрыйба топтоп келген (фото)

Turmush -  Талас районунун Кум-Арык айылынын 35 жаштагы тургуну Канышай Капарова 6 жылдан бери «Байчечекей» бала бакчасында тарбиячы болуп эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби кыргыз тили жана адабияты боюнча адис.

«Мен Алай районунун Кабылан-Көл айылынын кызымын. 2009-жылы И.Арабаев атындагы университеттин кыргыз тили жана адабият бөлүмүн аяктагам. Алгач гезитте, теледе иштеп жүрдүм. 2008-жылы Талды-Булак айылына келин болуп келдим. Бирок азыр Кум-Арык айылында жашайбыз. Турмушка чыккандан кийин балдарымды чоңойтуп, алар менен бала бакчага жумушка кирдим. Өзүмдүн кесибим башка болсо дагы 6 жыл ичинде бир топ тажрыйба топтодум. Балдар менен иштеп жатып, убакыттын кантип өткөнүн байкабайсың.

Биздин бала бакча ар кандай сынактарга активдүү катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келет. 2017-жылдын ноябрь айында «Бешик ыры» аттуу сынакка катышып, облус ичинен жеңип чыгып, республикалык туруна катыштым. Ал жактан да 1-орунду алдым. «Бешик ырынын» сөзүн өзүм жазып, обонун да өзүм чыгаргам. Былтыр Түркиянын Стамбул шаарында тажрыйба топтоп келдим. Ал жакка февраль айында барып, 2 жума бою семинарларга катышып, бала бакчалары менен тааныштык. Кооз жерлерге барып саякаттадык», - деди ал.

Тарбиячы айым жолдошу менен 2 баланын өстүрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×