Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусуТалас району 25.04.2018 22:00 Жаңыланды: 12.07.2018 17:03

Айыл турмушу: Таластык М.Кулманбетовго Ысык-Көлдөгү кайын журту да камчыларды жасатышат (фото)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 42 жаштагы тургуну Майрамбек Кулманбетов 15 жылдан бери камчыларды өрүп сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устанын үй-бүлөсүндө чоңойгон.

«Атам жана бир туугандарымдын баары устачылык менен алектенет. Атам ат жабдыктарын жасачу. Камчы өрүүнү атамдан үйрөнгөм. Кийин буйрутма алып жасай баштадым. Ар бир өрөөндөн буйрутма берип жасатып кетишет. Кайын журтум Ысык-Көлдөн болгондуктан ал жактан да көп жасатышат. Айыл ичиндегилер улак чапканга деп алышат.

Жасаган камчыларым 2 миң сомдон бааланып, керектелүүчү материалды Бишкек шаарынан алдыртам. Материал сапатына карата арзан жана кымбат деп бөлүнүп сатылат. Эгер кымбат метериал алып жасасам анда камчыларым да кымбатка сатылат. Алгач булгаарыны атайын кесүүчү буюмдар менен кесип даярдап алам. Бул майда болуп кыркылып, андан кийин өрүлүп баштайт. Саптарын болсо базарлардан 100 сомдон 150 сомго чейин сатып алам. 1 күндө 4-5 камчы даярдалат. Эгер буйрутма көп түшсө 1 жуманын ичинде баарын бүтүрүүгө аракеттенем. Камчы өрүп эле тим болбостон жайкысын дыйканчылык менен алектенем. Буйрутмага жараша түнкүсүн да жасоого туура келет. Ал учурда жубайым жардам берип турат», - деди ал.

Майрамбек мырза жубайы Кенжегүл айым экөө 5 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×