Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 25.04.2018 18:30 Жаңыланды: 07.12.2018 09:43

Жубайлар: Сатыбалды ата Бүбүсара апага баш кошкондо унаа менен алып келип, айылдаштарын таң калтырган (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылындагы 82 жаштагы Чолпонкулов Сатыбалды ата жубайы Жээналиева Бүбүсара апага 1960-жылы баш кошкондо такси менен алып келип, айыл элин таң калтырган. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Сатыбалды ата: Шекер айылында чоңойдум. Үй-бүлөдө жалгыз бала болчумун. Жубайым менен Көк-Сай айылында окуп жүргөндө таанышкам. Шаарга окууга барганда 1960-жылы баш коштук. Билинбей эле 58 жыл чогуу түтүн булатып коюптурбуз. Жубайымдын ашык сөз сүйлөп, туура эмес жүргөн кадамдарын көргөн жокмун. Мүнөзү бир калыпта турат, аялзатка тиешелүү бардык сапаттар болгондуктан жактырып калгам. Алып келе жатканда чогуу балдар менен алып келгем. 25 студент болчубуз, анын ичинен таластык Мекен Болотов деген жигит күйөө жолдоштун ишин аткарып, шаардан Таласка чейин мени менен жүрдү. Бишкектен Жамбылга келип, андан бери такси менен келгенбиз. Ал кезде жеңил унаа менен деле кызды алып келчү эмес. Мен алып келгенде айылдаштарым таң калышкан. Себеби унаалар өтө аз эле. Байбичем экөөбүздө алтын, күмүш жана башка тойлордун түрүнүн баары болуп калган учур го дейм (күлүп). Тең арып, тең карып, ынтымакта жашап келе жатабыз. Бала-бакыраны тарбиялап, өстүрүп жатканыбызга кудайга шүгүр.

Мурда кыргызда бир салт бар эле. Жаңы келген келин 3 күн бою кайын ата, кайын энени көрбөйт эле. Анан бир күнү кайын энеси даамдуу тамак жасап, келинди аралаштыра баштайт. Ошондо кайын атага тийген шыбагасын кичине ооз тийип эле келинге берет. Келин жүгүнгөндөн баштап үй-бүлөгө аралашып калат. Азыр андай салтты унутта калтырып, жаңы келгенде эле келинди аралаштыра башташпадыбы.

Бүбүсара апа: Мен Көк-Сай айылында төрөлгөм. Болочок жолдошум менен Көк-Сайда окуп жүргөндө таанышкам. 9-классты бүтүп, апам, агам болуп шаарда болдук. Апам иштеп, агам университетте архитектура бөлүмүндө окучу. Агам ошондо бизди шаарга көчүрүп кетти. Агам окуусунан тышкары финансылык техникумда иштеп калды. Ал убакта финансылык техникум жаңы курулуп жаткан имарат болчу. Бизге бекер эле батир беришкен. Мен «40 лет» фабрикасында иштеп, кечкисин окуп жүрдүм. Жолдошум ал убакта университетте журналистика бөлүмүндө окучу. Мени алдап, «сени эки апам багып алат» деп алып келе берди. Чоң кайын энем жолдошумдун апасы, кичи кайын энем атабыздын токолу экен. Ошентип 18 жашымда турмушка чыктым. Поезд менен Жамбылга чейин келгенбиз. Андан ары жеңил унаа менен келдик. Айылга эртең менен эрте келгенбиз. Келсек үйдөгүлөр жаңы эле туруп жатышыптыр. «Келин келди, келин келди» десе эле, кайын энем шашып-бушуп туруп, бир маасысын кийбей сууга чуркаптыр (күлүп). Ошентип келин болуп отуруп калдым.

Жолдошум экөөбүз 11 балалуу болдук. 3 балам кичинекей кездеринде чарчап калды. 6 уул, 2 кызды тарбияладык. Канча неберелүү болгонумду деле санабаптырмын. Жолдошумдун бардык эле сапаттарын баалайм. Ачуусу жок, дайыма токтоо жүрөт.

Келгенде кайын энем койдун терисинен жасап берген супарасы азыр да бар. Келиниме «мен картайдым, бул супара сени да картайтат, ошол үчүн жакшылап сакта» деп айттым. Мен дагы койдун терисин ашатып, 2 кызыма, келиндериме бирден супара жасап берейин деген оюм бар эле. Тилекке каршы ооруп калып, ойлогон оюма жетише албай калдым.

Жубайлар 8 баланын, 25 неберенин, 3 чөбөрөнүн ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×