Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 28.04.2018 13:48

Айыл турмушу: Бакай-аталык К.Алчымбаев таза кандуу тайганын чоң акчага сатпай, өзү таптап жатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын 38 жаштагы тургуну Кубатбек Алчымбаев таза кандуу тайгандарды багууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 3 жылдан бери салбурунга катышып келет.

«Бала кезимен бери эле тайганга кызыгам. Ортодо шартка байланыштуу тайган бага албай калдым. Акыркы 3 жылдан бери тайгандады багып келе жатам. Эң биринчи Учар деген тайганымды күчүк кезинде Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынан 15 миң сомго сатып алгам. Азыркы учурда 1 жашта. Учардын атасы Кылжейрен Көчмөндөр оюндарында 2 жолу чемпион болгон. Учар 6-7 айынан баштап эле түлкү, чөө алып баштаган. Чүй облусунда болгон салбурундарда 1-2-орундарга ээ болуп келет.

Азыркы учурда таза кандуу 3 тайганды багып жатам. Буларга жаш баладай мамиле жасайм. Булардын да таарынып калган учурлары болот (күлүп). Күн сайын эртең менен жана кечинде талаага алып чыгып, бир сыйра машыгуудан өткөрүп келем. Эртең менен анан кечинде өздөрүнө тиешелүү тамактарды берем. Өз убагында жуунтуп, кичинекей баладай эле карайм. Оюнга 1 күн калганда жалаң сүт берип багам. Учурда Учар тайганым салбурунга катышып, ийгиликтерди жаратып келе жатат. Калган 2 тайганымды дагы үйрөтүп келе жатам. Буйруса тайгандарды көбөйтсөм деген ниетим бар.

Кечээ жакында Көчмөндөр оюндарына тандоо болуп өттү. Тандоодо Учар тайганым Кыргызстан боюнча 3-орунга ээ болду. Азыркы тапта Көчмөндөр оюндарына кызуу даярдыктын үстүндөбүз. Негизи тайганчылар күлүктүгүнө кызыгып сатуумду суранышат. Чоң суммадагы акчага сурап келишсе да сатпай койгом», - деди ал.

Кубатбек мырза 4 баланы атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×