Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуКара-Буура району 28.04.2018 16:40

Чолпонбай айылында окуучулардын волейбол боюнча мелдеши өттү

Turmush -  Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында Ооган согушунун баатыры, «Кызыл жылдыз» орденин ээси, маркум Шайырбек Ибраимовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды.

Маалым болгондой, мелдешке мектеп окуучулары катышты. Райондун башка айылдарынан да келген 14 команда катышкан таймаш кечээ, 26-апрелде башталган. Бүгүн финалдык мелдештер өтүп, жеңичүүлөргө дипломдор, медалдар жана белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×