Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусу, Талас 30.04.2018 15:31

Таласта эр таймаш боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү (фото)

Turmush -  27-29-апрель күндөрү Талас шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган эр таймаш боюнча турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2 күнгө созулган эл аралык турнирге Казакстан, Өзбекстан, Россия мамлекеттеринин, Бишкек шаарынын жана Талас облусунун спортчулары катышты. Турнир спортчулардын арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган. Жыйынтыгында 65 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан таластык Канай Рыскул уулу 1-орунга татыктуу болду. Ал машыктыруучусу Дамир Батырбашиевдин жетекчилигинде 4 жолу күч сынашып, турнирдин чемпиону аталды. Ошондой эле, байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар диплом жана медалдар менен сыйланышты.

Мелдештин уюштуруучусу Рамис Кыдыралиевдин айтымында, мелдешке 250 спортчудан куралган 17 команда катышты.

Командалык жыйынтык:

- 1-орун — «Шопоков» командасы (Чүй облусу);

-2-орун «Талас Файт» командасы (Талас шаары);

- 3-орун — «Келечек» командасы (Бишкек).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×