Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 03.05.2018 17:21

Таласта «Кино кербени» өтүп жатат

Turmush -  Талас шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кино кербени» уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына иш-чаранын уюштуруучусу Улан Бектеналиев маалымдады.

Анын айтымында, жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлүп, роль аткарган актерлор келишти. Иш-чара эртең да улантылат.

«Ак кеме» чыгармасында Нургазынын ролун ойногон Нургазы Сыдыгалиевдин айтымында, алар мектеп окуучулары жана студенттер менен жолугушуп жатат.

«Негизги максатыбыз балдардын Ч.Айматовдун чыгармаларын терең билүүсүнө өбөлгө болуу. Жолугушууда балдар менен маектешүү да болду», - деди ал.

Иш-чарага актерлор Насреддин Дубашев, Бузурманкул Абдыракаев, Нургазы Сыдыгалиев келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×