Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Талас

Бакай-Атада согуштун 6 ардагерине акчалай жардамдар көрсөтүлдү

Turmush -  Кечээ, 3-майда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына карата Бакай-Ата районундагы 6 ардагерге акчалай жардамдар көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга район айким Чолпон Төрөкулов билдирди.

Анын айтымында, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 3 миң сомдон, венгер согушунун ардагерлерине 2 миң сомдон тапшырылды.

«Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана венгер согушунун катышуучуларын Жеңиш майрамы менен куттуктап, акчалай сыйлык жана кутуктоо баракчалары менен сыйлап кайттык. Ар бир ардагер бала-чакалары менен кучак жайып тосуп алышты. Быйыл район боюнча 6 ардагер бар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 451
×