Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Талас

Жеңеке: Бакай-аталык Нурзат жеңе эжеси экөө бир тууган жигиттерге турмушка чыгып, абысын болушкан (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Наматбек айылынын 34 жаштагы тургуну Нурзат Чойбекова бир тууган эжеси экөө бир тууган жигиттерге турмушка чыгып, бири-бирине абысын болушкан. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Нурзат айымдын айтымында, Наматбек айылында чоңоюп, өзүнүн эле айылына келин болгон.

«Жолдошум Нурдин Молдокараев менен бир мектепте окуганбыз. Экөөбүз сүйлөшүп, турмуш курууну чечтик. Жолдошум өзүмдүн бир тууган жездемдин бир тууган иниси. Эжем менен жакын абысын болуп калдык. Биринчи турмушка эжем чыкты, андан кийин мен чыккам. Жаңы келин болуп келгенде кыйналган деле жокмун. Кайын энем жардам берип, өзүнүн насааттарын айтып турат. Эжем да көп колдоо көрсөттү. Башка абысындарыбыз менен да жакшы мамиледебиз. Жаңы келин болгондо көп ишти кайын энем үйрөттү. Нан жасап жатып бышпай калса же күйүп кетсе кайын энем көрүп калбасын деп бекитип койгон учурларым да болгон (күлүп)», - деди ал.

Каарманыбыз 7 бала төрөп, «Эне даңкы» медалын алгандыгын кошумчалады.

«Кичинемден эле көп балалуу болуу кыялым бар эле. Азыркы учурда 5 уул, 2 кыздын апасымын. Эң улуу балам 16 жашта болсо, эң кичүүсү 4 айлык болду. Балдарымды багууга кайын энем жардам берет. 5 баламды тең төрөгөндө кайын атам менен кайын энем карашып, төрөт үйдөн чыгарып келишкен. Улуу балам азыр спорт мектебинде окуйт. Келечекте балам дүйнө чемпиону болгон балбан болсо дейм. Балдарыбыз келечекте жакшы инсандардан болуп, кыргыз элине кызмат кылган, эл-жерине кереги тийген адамдар болсун деп тилек кылабыз», - деди Нурзат жеңе.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 706
×