Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуТалас району 07.05.2018 12:18

Талас районунда грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 6-майда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Байсейид Бейшекеев билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына жана маркум Рыспек Айдаралиевдин жаркын элесине арналып уюштурулду.

«Бул мелдешке Кыргызстан, Казакстандын 380 балбаны катышты. Жыйынтыгында жалпы 14 спортчу чемпион аталып, медаль, дипломдор менен сыйланды», - деди ал.

Жеңишке ээ болгон балбандар:

- 1 — Шумкаров Алихан 27 кг (Талас шаары);

- 2 — Зарыл Касым Арнат 30 кг (Казакстан);

- 3 — Туратбек уулу Сайид 33 кг (Бишкек шаары);

- 4 — Жапарбек уулу Эрбол 36 кг, (Талас району);

- 5 — Таалайбек уулу Турарбек 39 кг (Талас шаары);

- 6 — Жапаров Курман 41 кг (Бишкек шаары);

- 7 — Сансызбаев Улук 45 кг (Талас району);

- 8 — Алтынбеков Каниет 48 кг (Талас району);

- 9 — Айтбаев Кубат 51 кг (Казакстан);

- 10 — Бакытбек уулу Бузурман 55 кг (Талас району);

- 11 — Мамытбек Темирлан 60 кг (Казакстан);

- 12 — Туратбек уулу Нурсултан 65 кг (Бишкек шаары);

- 13 — Жумабеков Жеңиш 71 кг (Бишкек шаары);

- 14 — Иманбердиев Дастан 80 кг (Бишкек шаары).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×