Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Таластан Казакстанга өтүп кеткен 115 баш жылкынын 107си кайтарылды

Turmush -  Манас районунан Казакстанга өтүп кеткен 115 баш жылкынын 107си жана 26 баш бука 5-май күнү кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, жылкылар Манас районунун Кыргызстан айылынын 9, Көк-Дөбө айылынын 7 тургунуна таандык экендиги такталды. Жылкылардын кожоюндары аларды кайтарып алуу үчүн Казакстандын Жамбыл районунун Гродиково айылына барып, чек арадагы тикенектүү зымга тытылган жаракаттан 25 баш жылкы оор жарадар болуп, 1 баш кулун өлгөнүн такташкан. Ал эми малдын дайынсыз жоголуп кеткени тууралуу арыз милицияга 17-апрель күнү түшкөн.

Кийин чек арачыларга Казакстанга өтүп кеткен малды кайтарып келүүгө аракет кылган малчы — Жоон-Дөбө айылынын 1984-жылы туулган тургуну Алтынбек Супатаев Казакстандын чек ара кызматы тарабынан кармалгандыгы кабарланган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында малчы үйүнө бошотулуп чыгып келген. Ал келгенден кийин милицияга малды кайтарып алууга көмөк көрсөтүүнү суранып арыз жазган. Талас облусунун жетекчилиги малды кайтарып алуу аракетин көрүп, Жамбыл облусунун жетекчилигине кайрылган. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде мал 5-май күнү кайтарылды.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 27-апрелде Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков Манас районунан Казакстанга өтүп кеткен 115 баш жылкы, 26 баш буканы Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кабарлаган.

Анын айтымында, милицияга Манас районунун тургуну Казакстандын чек арасынан 115 жылкы жана 26 бука менен өтүп кеткендиги тууралуу маалымат катталган.

«Жакында Казак Республикасынын элчиси иш сапары менен келгенде сүйлөштүк. Ал жардам берип, малчы бизге (Кыргызстанга) чыгып келди. Малы чек арадан бери өткөн жок. Жамбыл облусунун акиминин биринчи орун басары менен сүйлөшкөндө 115 жылкы, 26 баш жылкы көп санда болуп жаткандыгын, контрабанда эместиги боюнча аларда суроо болуп жатканын айтты. Алар маселени чечкенге жардам беребиз деди. Малчы жалгыз болгон. Малды өткөрүп алуу маселеси сүйлөшүлүп жатат. Сүйлөшүүлөр аягына чейин чыга элек», - деген болчу Каниметов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1611
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×