Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Талас

Бакай-Ата, Манас райондорунда Жеңиш майрамына карата парад уюштурулду

Turmush -  Бүгүн, 8-майда Бакай-Ата районунда Жеңиш майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, район боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 6 ардагери - Асылбек Арипов, Оморбек Кушубаков, Мүзүрбеков Кутман, Жунусбеков Жаңыбай, Жанкорозов Иманбек, Темирбеков Сатыбалды аталар бар. Андан тышкары венгер согушунун 2 ардагери бар. Бүгүнкү иш-чарага ден соолугуна байланыштуу 5 ардагер келе албай калды. Аларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үйлөрүнө барып куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

Жеңиш майрамы бүгүн Манас районунун Покровка айылында дагы белгиленди. Анда атайын парад уюштурулуп, «Интернационал жоокерлер» паркында концерттик программа коюлуп сый тамак берилди. Майрамга район жетекчилери, ооганчы ардагерлери жана Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери катышты. Райондук акимчилик тарабынан согуш ардагерлерине 1 миң сомдон жана ооганчы ардагерлергее 500 сомдон берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 382
×