Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуМанас району 11.05.2018 09:00

Жаш талант: Манастык Н.Айтбаев күрөш боюнча машыктыруучу болуу үчүн аракет кылууда (фото)

Turmush -  Манас районунун Чоң-Капка айылынын 16 жаштагы тургуну Нурболот Айтбаев эркин күрөш менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы балбан жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, эркин күрөш менен 9 жашынан бери машыгып келет.

«Күрөшкө атамдын каалоосу менен баргам. Себеби атам өзү да балбан болгусу келген экен. Мен ошол тилегин ишке ашырайын деп катыштым. Бара-бара күрөшкө аябай кызыгып кеттим. Алгачкы ийгилигим 2012-жылы райондор аралык мелдешке катышып, 3-орунга ээ болгонум болду. 2013-жылдан баштап көптөгөн байгелүү орундарга ээ боло баштадым.

Башка айылдарга барып күрөшүп, жеңип коюп, балдарынан келтек жеген күндөр да болгон. Келечекте мыкты макшыктыруучу болууну кыялданам. Себеби азыр айрым балдар жаман жолдо көп жүрүшөт. Ошол нерсеге жол бербей, келечекте өз жерине пайдасын тийгизе турган балдарды машыктырсам дейм», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×