Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Талас

Жеңишке 73 жыл: Немистерди тирүү колго түшүргөн Араке ата президентке жолугуп, батасын бергиси келет (видео)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 93 жаштагы тургуну Арстанбеков Араке ата айылындагы жалгыз согуш ардагери. Аймактык кабарчы ардагерден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Улуу Ата Мекендик согушка 17 жаш курагында чакырылган.

«Согушка 17 жашымда — 1944-жылы чакырылдым. Алгач үчүнчү Беларусь фронтуна, даңазалуу кол башчы Жуковдун кол алдына бардык. Жуков кең дадылуу, толмочунан келген баатыр эле. Немистерди кубалап, кармалганын туткундап, өлтүргөнүн өлтүрүп бара жаттык. Көз алдыбызда биз менен барган баатырдар өлүп калып жатышты. Мен жаштык кылдым окшойт, кармаган немистерди өлтүрө алган жокмун. 4 немисти тирүүлөй кармап бердим. Ошентип аларды кууп отуруп кечпеген деңиз, суулар калган жок. Кышы-жайы суу кечип, атышып жүргөндүктөн азыркы учурда буттарым ооруйт. Колубузда курал, өзүбүз болсо ачкабыз. Согушуп бара берип Германияга чейин жеттик. Ал жерден катуу атышуу болду. Акыры Берлинге кирип барып, Жуковдун командачылыгы менен немистерди багындырдык. Өзүмө ок тийбесе дагы жеңил жаракаттарды алып келдим. Согуш бүтүп, кубануу менен кайттык. Мекен үчүн курман болуп, окко учкандар ошол жерде көмүлбөй калды. Биз келдик, алар калды... (ойлонуп).

Жеңиш күнү ыйладык, сүйүндүк. Азыркы замандын жашоочуларына жаркын келечек тартууладык. 1947-жылдан 1950-жылга чейин Белоруссиянын Минск шаарында аскердик кызматымды өтөп калдым. Аскерден, согуштан келген соң дыйканчылык менен алектендим. Оорчулук күндөр баштан өттү. 1956-жылы үйлөндүм. Байбичем Райкан экөөбүз 3 бала, 4 кыздуу болдук. Балдарымдын бардыгы билимдүү, өз турмуштары менен алек. Азыркы учурда 40 небере, 30 чөбөрө, 15 кыбырам бар», - деди ал.

Ардагер атанын жубайы Райкан апа элибизге тынчтык каалады.

«Согуштан кийин деле жашоо оңолуп кеткен жок. Элди ачкачылык, жокчулук каптады. Кыйынчылык болду. Ошонун барын жеңип чыктык. Азыр кудайга шүгүр, балдар-кыздарымдын курчоосунда аман-эсенбиз. Эмне демекчимин, эли-жеримде ар дайым тынчтык орносун. Биз көргөн күндү силер көрбөгүлө. Ушул гүлдөп турган заманда барчылыкта, токчулукта, ден соолукта жүрөлү. Эң негизгиси согуш болбосун», - деди апа.

Араке ата президент Сооронбай Жээнбековго жолугуп, бата берүүнү ойлоп жүргөндүгүн кошумчалады.

«Мени падышабыз кабыл алса эмне демекчимин, баштаган ишиңди туура жол менен баштап, мамлекетибизди өнүктүрүп, бизге таза иштеп берип, элдин уулу болсоң экен. Кабыл алса аксакалдык жолум менен акыл-насаатымды айтамакмын», - деди аксакал.

Бакыян айылынын башчысы Нургазы Асылбеков Араке ата айылдагы жалгыз ардагер экенин кошумчалады.

«Атабыз биздин сыймыгыбыз. Айыл ичинде эң барктуу жана баатыр аксакал. Майрам күндөрү белектерибизди алып келип куттуктап жүрөбүз. Атабыз бизге ак батасын берип, аман жүрсүн», - деди Асылбеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2767
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×