Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Талас

Таласка Польшадан алынып келип отургузулган туяларды уурдап кете башташты

Turmush -  Талас шаарында 2 жума мурун отургузулган туялардын 13 түбү уурдалды. Бул тууралуу Талас шаарынын биринчи вице-мэри Дамирбек Курманалиев билдирди.

Анын айтымында, 27-28-апрелде Польшадан алынып келинген 2 миң түп туя Ч.Айтматов, Бердике баатыр көчөлөрүнө отургузулган. Аларды күнүнө Талас шаардык коммуналдык ишканасы сугарып жатат. Бүгүнкү күндө туялардын 11 түбү уурдалып кетти.

«Талас шаарынын тургундарына туялардын өсүп кетүүсүнө жардам беришин суранып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди ал.

Окуя тууралуу:

26-апрелде Талас шаарында Польшадан алынып келинген 2 миң түп туя отургузула баштаган.

Атайын идиште өстүрүлгөн көчөттөрдүн 1 түбү 2190 сомдон алынып келген. Аларды алып келүү, отургузуу иштерине жалпы 4 млн 380 миң сом сарпталмак болчу. Туяларды отургузуу үчүн ишембилик жарыяланып, алар Бердике баатыр, Ч.Айтматов көчөлөрүнө жана Нуржанов аллеясына тигилген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 558
Көп окулду
×