Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Талас облусуКара-Буура району 11.05.2018 15:15

Кара-Бууранын Аманбаев айылындагы оорукананын курулушу аяктап жатат

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылындагы оорукананын жаңы имаратынын курулушу аяктоодо. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Алтынбек Бокоев билдирди.

Анын айтымында, эски имарат 1970-жылы курулган.

«2015-жылдан бери жаңы имарат курулууда. Курулуш ишинин жалпы сметалык баасы 65 млн сом. Бүгүнкү күндө 54 млн сому иштетилди. 2-кабаты стационар болуп, төрөт бөлүмү жайгашат. Адыңкы кабатында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу орун алат. Бул оорукана 6-7 айылдын элин тейлейт. Учурда курулуштун 90% аяктады», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×