Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 12.05.2018 14:53

Кара-Буурада кызмат учурунда каза болгон куткаруучу Б.Төрөкуловдун жаркын элесине арналып турнир өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Кечээ, 11-майда Кара-Буура районунда кызмат учурунда каза болгон ӨКМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкери Бактыбек Төрөкуловдун жаркын элесине арналган турнир болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин облустагы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, турнирге жалпы 5 команда катышып, алар футбол, волейбол жана 100 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдешке түшүштү. Бул турнир алгачкы жолу өткөрүлүп жатат.

Жыйынтыгында тайпалык эсеп боюнча 1-орунга Талас районунун, 2-орунга Кара-Буура районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн командасы ээ болду. Ал эми 3-орунду Бакай-Ата районунун командасы багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×