Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 14.05.2018 09:04

Бакай-Ата айылында 3 млн сомго курулган кичи футбол аянтчасы ачылды

Turmush -  12-майда Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Нурлан Доулбеков билдирди.

Анын айтымында, аянттын курулушу айылдын жаштарынын демилгесинде элдик ашар менен башталган. 2016-жылы айыл аймактын бюджетинен 275 миң сом бөлүнгөн. Курулуштун жалпы сметалык баасы 3 млн сомду түзүп, акчанын 50%ы элдик салым болсо, 50%ы Талас облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.

Аталган кичи футбол аянтчасына спорттун чебери, кыргыз күрөшү боюнча чемпион Нуркул Качканаковдун ысымы ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×