Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 14.05.2018 09:38

Кара-Буурада даракты сүзгөн унаа өрттөнүп, 3 адам жабыркады

Turmush -  Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айыл аймагында кечээ, 13-майда жол кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык саат 04:15 чамаларында Чолпонбай көчөсүндө болгон. Анда «Ауди С4» (мамлекеттик номуру S09-29A) үлгүсүндөгү унаа даракты сүзүп, ички салону күйүп кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×