Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуТалас району 14.05.2018 10:41

Ош облусунун 3 тургуну Таласта унаа кырсыкка кабылды

Turmush -  Бүгүн, 14-майда Талас районунун Талды-Булак айылында Ош облусунун 3 тургуну унаа кырсыкка кабылып, ооруканага түштү. Бул тууралуу дарыгерлер билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык түн ортосунда болгон.

«Бүгүн түнкү саат 12:00дон өткөндө Ош облусунун Төлөйкөн айылынын 3 тургуну унаа кырсыктын кесепетинен алган жаракаттары менен келип түштү. Учурда акыбалдары орто», - деди алар.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, Оштон келе жаткан «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кетип, жолдо турган бош унааны уруп кеткен. Анын кесепетинен 3 адам жабыр тарткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×