Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Талас

Айыл турмушу: Кара-бууралык С.Темиркулова голландиялык помидорлордун көчөттөрүн өстүрүп сатууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 36 жаштагы тургуну Салтанат Темиркулова помидор, таттуу калемпирдин көчөттөрүн өстүрүп сатып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Голландиядан келген көчөттөрдү өстүрөт.

«Мындан 2 жыл мурун айылга ишсиз айымдарга деп атайын бир долбоор боюнча окуу өтүлгөн болчу. Ал окуудан көчөттөрдү өстүрүүнүн жолдорун окуп үйрөнүп чыктык. Ошол жерден бизге бир аш кашыктан Голландиядан алынып келинген уруктан берип, жаз айында көчөт өстүрүүнү сунушташты. Мен жазында 20 сотых жерди күнөскана кылып, бадыраң, помидор, таттуу калемпирдин уругун септим. Окуткан адамдар бизге келип текшерип жүрүштү. Ошол жылы 7 тонна помидор алып, 1 кг 10 сомдон саттым. Жалпы 70 миң сом киреше таптым.

Быйыл 10 сотых күнөсканада көчөттөрдү өстүрүп жатам. Азыркы учурда помидордун көчөттөрүн бир түбүн 2 сомдон сатып жатам. Ал көчөттөр голландиялык болгондуктан жакшы түшүм болот. Айыл тургундары кызыгып, сатып алуучулар көп болууда. Быйыл помидордун өзгөчө ыкма менен өстүрөм. Чарбактын бетин клёнка менен жаап, нымдалган соң көчөттөрдүн ордун тешип чыгып отургузам. Бул ыкма помидорлорду чөп бастырбай өстүрөт», - деди ал.

Дыйкан айым жолдошу менен 4 баланы тарбиялап келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 485
Көп окулду
×