Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуТалас району 14.05.2018 18:02

Айыл турмушу: Таластык жубайлар 12 үй-бүлөгө жардам берип жатышат (фото)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылындагы жубайлар Нурадил Абдылдаев менен Нурзат Жусупжанова жардамга муктаж болгон 12 үй-бүлөгө жардам берип келишет. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурзат айымдын айтымында, кесиби боюнча мугалим. Окууну аяктаган соң айылындагы бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенген. 2008-жылдан бери социалдык кызматкер болуп эмгектенип келе жатат. Жолдошу 2001-жылдан бери «Түндүк электр» тармактар бөлүмүндө иштейт.

«Өзүм айыл өкмөттө социалдык кызматкер болуп иштегендиктен жалгыз бой, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жарым жетимдер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр менен иш алып барам. Бир гана иш алып барбастан жолдошум менен кеңешип, экөөбүз жардамга өтө муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүнү туура көрдүк. Биз канчалык жардам берип бата алган сайын, бизге жараткан эки эселеп берет эмеспи. Ошол себептен 12 үй-бүлөгө барып, колдон келген жардамыбызды берип келебиз. 12 адамга жумасына 2 жолу үйлөрүнө барып, эмне жумуш болсо жасап берем. Мен үй жумуштарын кылсам, жолдошум сырттагы жумуштарын бүтүрөт. Мисалы мен үйүн жыйнап, кир жууп, оокат жасап берип, аларды жуунтуп, айтор эмне жумуш болсо бир күнүмдү ошолорго бөлөм. Азык-түлүк, тамак-аш жактан да жардам берип турабыз», - деди ал.

Нурадил мырза айылдаштарына жайы-кышы жардам көрсөтүлө тургандыгын кошумчалады.

«Жубайымдын айткан сунушуна дароо макул болдум. Анткени жардамга өтө муктаж адамдар көп эле. Кышы-жайы отун-суусуна чейин үй-бүлөбүздүн атынан деп жардам көрсөтүп келебиз. Азыр жашоо деп сырт жакка кеткендер көп. Айыл ичиндеги жалгыз бой карыялардан жардамыбызды аябайбыз. Кылган жардамыбыз үчүн чын дилден ак баталаларын берип келишет», - деди ал.

Жубайлар 2 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×