Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуМанас району 16.05.2018 09:41

Айыл турмушу: А.Кыргызбаев чет өлкөлөрдө ишкерлик кылып, бир чемодан акча жоготкон учуру болгон (фото)

Turmush -  Манас районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын 55 жаштагы тургуну Абдуганы Кыргызбаев 30 жыл айдоочу болуп эмгектенген. Аймактык кабарчы ардагер айдоочу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинде эле айдоочу болуну кыялданчу.

«Аскерден келгенден кийин айдоочу болуп иштей баштадым. 26 жашымда жубайыма баш коштум. Баш кошкондон кийин «КамАЗ» айдап эмгектене баштадым. Чет өлкөлөргө калемпир ташып барып сатып келчүмүн. «КамАЗдын» аркасынан эл-жер көрүп, көп адамдар менен иштешип калдым.

Бир жолу Екатеринбургдан кайтып келе жатканда жол кырсыгына кабылдым. Кыргызстанга келгенден кийин кыйналып, ооруканага түшүп калдым. Дарыгерлер операция жасап, «сизге эми рулга отурганга болбойт» дешкен. Бирок мен аларды укпай, кайра «КамАЗ» айдап иштеп кеттим. Кантейин, үйдө бала-чаканы, апамды, жубайымды багыш керек эле. Ошентип кайра чет өлкөгө калемпир жүктөп алып кеттим. Кызыктуу окуялар да көп болгон. Бензин түгөнүп жолдо калган, калемпир өтпөй банкрот болгон, достор менен майрамдап бир чемодан акча жоготкон күндөр да болгон.

Жубайым экөөбүздүн чогуу жашап жатканыбызга быйыл 30 жылдын жүзү болду. Кудайга шүгүр, 4 кыз, 1 уулду чоңойттук. Азыркы учурда экинчи топтогу майып пенсионермин», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×