Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 16.05.2018 15:30

Таласта кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди

Turmush -  Бүгүн, 16-майда Талас ОИИБде кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунда 1980-жылдан бери кызмат учурунда 11 кызматкер мерт болгон. Алардын рухуна багышталып куран окулуп, атайын эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Иш-чарага түзүмдүн өздүк курамы, каза болгондордун жакындары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×