Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Кара-бууралык балбан Р.Замирбеков 34 медаль, 34 диплом, 3 кубоктун ээси (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылынын 20 жаштагы тургуну Руслан Замирбеков эркин күрөш менен машыгып, мелдештерге катышууда. Аймактык кабарчы балбан жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын алдындагы колледждин бүтүрүүчүсү.

«Эркин күрөш менен 5-класстан баштап машыгып келем. Бул спортко атам алып келген. Нооруз майрамында күрөшкө катышкан балдарды жеңип, ошондон кийин күрөшкө болгон кызыгуум пайда болгон. Учурда 34 медаль, 34 диплом, 3 кубоктун ээсимин. Эң алгач 2012-жылы Кара Буура районунда Эркинбек Эсеналиевдин урматына уюшулган өспүрүмдөр арасындагы мелдештен 39 кг салмакта 2-орундун ээси болгом. Кыргызстандын бардык облустарында өткөн турнирлерге катышып жүрөм. Казакстанга өткөн мелдештерден дагы алдыңкы орундарды алып жүрөм. Машыгууга жумасына 5 жолу барып, күнүнө 3 саат убакыт бөлөм. Жаңы күрөшүп жүргөн учурда кулактарым сынган. Буттан да көп жаракат алдым. Айрыкча тизем көп жаракат алды. Бирок ага карабай күрөшүп келе жатам. Буга чейин Таласта өткөн эл аралык турнирлерден 7-8 жолу чемпион болдум. 2015-жылы Бишкекте республикалык мелдеште чемпион болдум.

Бир жолу бир мелдештеги финалда атаандашыма уттуруп койгом. Эшикке чыгып алып ыйлаганым эсимде. Анткени утуп жүрүп, күтпөгөн жерден утулуп калган жаман экен. Акыркы алган чемпиондук кубокту 2018-жылы 13-майда өткөн турнирде 74 кг салмакта күрөшүп уттум. Келечекте Азиянын, дүйнөнүн чемпиону болгум келет», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын экинчиси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 606
Көп окулду
×