Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуБакай-Ата району 17.05.2018 17:01

Бакай-Ата районунда облустук спартакиада өттү

Turmush -  Бакай-Ата районунда өтүп жаткан облустук спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдештер «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» ураанынын астында өтүп жатат. Анда ордо, кол күрөш, жеңил атлетика, тогуз коргоол, футбол, күрөш, волейбол боюнча мелдештер уюштурулду. Бул оюндан жеңгендер алдыда Ысык-Көл облусунда өтүүчү республикалык спартакиадага катышууга жолдомо алды.

Жалпы командалык жыйынтык:

- 1-орун — Бакай-Ата району;

- 2-орун — Талас району;

- 3-орун — Кара-Буура командасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×