Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Талас облусуМанас району 18.05.2018 17:03

Эл ичи — өнөр кенчи: Манастык Т.Дүйшалиев жаракаттарды алганына карабай көк бөрү ойноп келет (фото)

Turmush -  Манас районуна караштуу Сөгөт айылынын 22 жаштагы тургуну Таласбек Дүйшалиев жаракаттарды алганына карабай көк бөрү ойноп, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, көк бөрүгө кичинекей кезинен эле кызыгат.

«1-2-класстагы кезимде атамдар менен көк бөрүгө барчумун. Биз үй-бүлөбүз менен улакчыбыз. Үйдө атам, мен, иним, атамдын иниси да көк бөрү ойнойбуз. Өзүм 19 жашымдан баштап оюндарга чыга баштадым. Айыл өкмөттөгү мелдештерден биздин Сөгөт айылы биринчиликти бере элекпиз. Быйыл Талас облусунун «Бакубат-Талас» командасына кошулуп ойноп, Бишкек шаарынын 140 жылдыгында 1-орунду ээлеп. «Нива» унаасын уттук. 2017-жылдын күз айында акимдин кубогунда 1-орунду алганбыз. 2017-2016-жылдары Манас районундагы айыл өкмөттөр боюнча мелдештерде 1-орундарды алдык.

Жаңы ойноп жүргөндө улакты көтөрө албай, тайказанга жеткенде таштай албай калчумун (күлүп). Оюн учурунда ар кандай кыйынчылыктар болот. Башында кулап, баш мээм чайкалган учурлар да болду. Бирок үйдөгүлөр билчү эмес (күлүп)», - деди ал.

Көк бөрүчү жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×