Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 19.05.2018 20:19

Эл ичи — өнөр кенчи: Бакай-аталык 23 жаштагы Перизат башкаларга бий үйрөтүп иштеп жатат (видео)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында чоңойгон 23 жаштагы Перизат Тургунбаева учурда жаш жеткинчектерге бийден сабак берип келет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, чыгыш бийлери боюнча хореограф. Кесиби боюнча эсепчи.

«6-классымдан баштап бийлеп жүрөм. Таласта А.Огомбаев атындагы музыкалык мектептин бий ийримин бүтүргөм. 2016-жылы чыгыш бийи боюнча эл аралык сынактан 1-орунду ээлегем. Азыр шаардагы бий студиядалардын биринде өспүрүм кыздардан баштап орто жаштагы эжелерге чейин бий үйрөтөм. Бала бакчада 3 жаштан 7 жашка чейин балдар-кыздарга бий үйрөтөм.
Бир жолу элдин алдында бийлемек болуп, бийлей турган учур келгенде ди-джейге адашып башка музыканы берип алыптырмын. Анан айла жок башка музыкага импровизация кылып бийлегенге туура келген (күлүп).

Бийлегениме ата-энем терс көз карашта эмес. Үйдөгүлөр колдогондуктан бийлеп келе жатам. Эгерде каршы болушса бийлемек эмесмин», - деди ал.

Бийчи кыз үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×