Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Талас облусуМанас району 21.05.2018 10:45 На русском

Таластагы чек арадан документи жок 5 млн сомдук тамекилерди алып өтүп бара жаткандар кармалды

Turmush -  Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара пунктунан тиешелүү документтери жок 5 млн сомдук жүк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жүк кыргыз-казак чек арачылары менен биргеликте жүргүзүлгөн «Бирлик 2018» операциясынын алкагында кармалган. Чек арачылар УКМК кызматкерлери менен биргеликте Кыргызстандан Казакстан аркылуу Россияга кетип жаткан «Мерседес-Гигант» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Анын ичинен ар кандай маркадагы 100000 куту тамеки табылган. Алардын жалпы суммасы 5 млн сомдон ашкан. Көпчүлүк кутулар Тажикстандын акциздик маркасы болгон. Аны алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык 3 адам жана россиялык 1 адам кармалды. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жүк УКМКга өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×