Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Талас

Айыл турмушу: Манастык чебер мугалим Р.Асанова америкалыктарга боз үй белек кылган (фото)

Turmush -  Манас районунун Бала-Саруу айылынын 49 жаштагы тургуну Рыскан Асанова апасынан үйрөнгөн чеберчиликти окуучуларына үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби мугалим. 1990-жылы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун музыка бөлүмүн аяктаган.

«Өзүм Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын кызы болом. Окуу жайды аяктап келген соң өзүмдүн айылыма кесибим боюнча жумушка орноштум. Апам чебер айым. Бош убактымда «турмушуңа кереги тиет» деп чеберчилигин мага үйрөтчү. Курак кураганды, сайма сайганды, чий токуганды апамдан үйрөндүм. Апамдан үйрөнгөн кол өнөрчүлүктү азыркы учурда окуучуларыма үйрөтүп жүрөм.

Сабактан тышкары учурда кол өнөрчүлүктөн сабак берем. Ийримде 5-8-класста окуган 23 окуучу кыздарым бар. Аларга бисер менен иштөөнү, куракчылык өнөрдү, сайма саюуну жана кагаз менен ар кандай сувенирлерди жасоону үйрөтүп келем. Кол өнөрчүлүктү башында хобби катары көрсөм, азыркы учурда бул менин кесибим», - деди ал.

Каарманыбыз 1 миң сомдук курактарды курап сатат.

«15 жылдан бери буйрутма алып иштеп келем. Кыздын себине же үйгө деп буйрутма берип, жер төшөк, жаздыкчаларды куратып кетишет. Мээнетим 1 миң сомго бааланат. Андан тышкары өзүм боз үй көтөрөм, шырдак жасайм, кийиз менен иштейм. Ошондой эле чоң көрсөтмөлөргө чыгып келем. Америкадан келген конокторго белек катары боз үй жасап бердим. Алар биздин боз үйүбүзгө абдан суктанышат», - деди ал.

Чебер айым 1 уулдун энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1114
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×