Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Бакай-аталыктар Суусамырга чыккан малчылар үчүн көпүрө курду (фото)

Turmush -  Суусамырдын Мадылбек аймагына Бакай-Ата району тарабынан көпүрө курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиевдин айтымында, көпүрө Кичи-Суусамыр дарыясына курулду.

«Малчылардын көйгөйлөрүнүн эң эле орчундуусу ушул көпүрө эле. Суусамыр жайлоосундагы Кичи-Суусамыр дарыясынын аркы бетине Талас облусунун малын алып өтүү үчүн көпүрө жок болгон. Таластан чыккан малчылар көпүрө жогунан айланып, 20 күн жолдо жүрчү экен. Бул көпүрө менен 3 күндө жетип, отурукташып калышат. Эң кызыгы бул жер бизнеске айланып кетиптир. Бул жерде асма көпүрө коюп, ар бир малды өткөрүү үчүн 8 сомдон алчу экен. Көпүрөнү Бакай-Ата району 1 аптанын ичинде 421 миң сомго жасатты», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 976
Көп окулду
×