Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 28.05.2018 10:10

Бакай-Атадагы 10 жылдык бүтүрүүчүлөр өз айылдарына жардам көрсөтүштү (фото)

Turmush -  25-майда Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы А.Арстанов атындагы орто мектепти 10 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр 8 үй-бүлөгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, классташтар кийин сүтүн саап ичишсин деп 8 үй-бүлөгө бирден торпок алып беришти. Ошондой эле жардамга муктаж адамдарга азык-түлүк жана акчалай жардамдар көрсөтүлдү.

Ал эми Боо-Терек айылындагы мектепти 10 жыл мурда аяктагандар мектепке керектүү музыкалык жабдыктарды алып берип, андан тышкары айылдагы мечиттерге дарбаза орнотушту.

Ошондой эле Түйтө айылынын 10 жылдыктары айыл ичин жарыктандырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×