Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Айыл турмушу: Манастык чебер Б.Батырбекова ишкана ачып, 3 келинди жумуш менен камсыздады (фото)

Turmush -  Манас районунун Нылды айылынын 54 жаштагы тургуну Бурулкан Батырбекова тигүү цехин иштетип, 3 адамды жумуш менен камсыздады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1985-жылы Нылды айылына келин болуп келген.

«Кол өнөрчүлүктү кичинекей кезимде апамдан үйрөнүп, кийин өздөштүрүп кеттим. Апам айыл ичиндеги чебер айымдардын бири болчу. 4 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, элден буйрутма алып тигип келем. Башында үйдө отуруп, айыл ичинен буйрутмаларды алып тигип жүрдүм. Кийин айылдагы жумушсуздуктан улам үй-бүлөмдүн жардамы менен тигүү ишканасын ачтым. Ишкананы ачуу оңойго турган жок. Ар бир тигүү машиналарын, керектелүүчү жабдыктарды алууга көп эле чыгым кетти. Жолдошум экөөбүз алгач «ишти алып кете алабызбы» деп аябай көпкө ойлондук.

Ишканада 3 келин 4 жылдан бери иштеп жатат. 4 жылдан бери айыл ичинен эле эмес, коңшу айылдардан да буйрутмалар түшүп, ишибиз жакшыра баштады. Бизге көбүнчө кыздын себине деп курактарды куратышып, төшөктөрдү каптатып, андан тышкары көйнөктөрдү, кемселдерди тиктирип кетишет. Эмгегибиз 250 сомдон 2 миң сомго чейин бааланат», - деди ал.

Чебер айым буга катар эле шырдактарды жасай турганын кошумчалады.

«Шырдакты узун, туурасына карата баалап жасайбыз. Орточо эсеп менен бир шырдак 2 миң сомдон бааланат. Өзүбүз 3 киши болуп жасагандыктан убакытты көп талап кылбайт.

Ар бир иштин кыйынчылыгы болбой койбойт. Биз дагы үй-бүлөбүздү, бала-чакабызды багалы деп күнү-түнү иштеп калган учурлар болот. Албетте үй жумушун таштап, эртеден кечке бул жерде иштейсиң. Бул жактан тапкан маянага үй оокаттарын алып барасың. Ар кимдин маянасы үй-бүлөсүн багууга жетет. Айлык акылары буйрутмага жараша төлөнөт. Жумуш учурунда күн кантип өткөнүн да билбей калабыз. Эрмектешип, сүйлөшүп эмгектене беребиз. Буйруса бул ишкананы дагы кеңейтип, ишсиз жүргөн келиндерди иштетсемби деген оюм бар», - деди ал.

Бурулкан айым 4 баланын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 931
Көп окулду
×