Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 29.05.2018 20:13 Жаңыланды: 30.05.2018 11:52

Жубайлар: Доолбек ата казак кызы Жумакан апаны элине кетирбей, Таласка жубай кылып алып калган (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургундары 77 жаштагы Абданалиев Доолбек ата казак кызы Жумакан апага ашык болуп калып, Казакстанга кетирбей жубай кылып алып калган. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Доолбек ата: 25 жашымда үйлөндүм. Ал убакта аскер кызматын өтөп келген жигиттердин бири элем. Үйдүн улуу баласы болгондуктан ата-энем үйлөн деп жүрчү. Ошол маалда кыргыз кызы менен эмес, казак кызы менен таанышып калдым. Таластагы медициналык окуу жайда билим алып жаткан экен. Экөөбүз кокустан таанышып калып, сүйүп калдым (күлүп). Бир көрүп жактырдым. Ал да мени жактыргандай болду. Көп сүйлөшүүнү макул көрбөй бат эле үйлөнүү сунушун киргиздим. Жубайымдын ата-энеси бир аз каршы болгону менен кызы үчүн бакыт тиледи. Ошентип казак кызына ашык болуп жүрүп, 1966-жылы өмүрлүк жарым кылып алдым. Экөөбүз 4 уул, 1 кыздуу болуп, татыктуу тарбия бердик. Азыркы учурда балдарым өз ордуларын таап үй-бүлөсү менен бактылуу.

Жумакан апа: Менин апам кыргыз, Таластын кызы, атам казак. Атам өзүмдүн жеримде эле калышымды каалаган. Өзүм Казакстандын Луговой районунун Көк-Дөнен айылынын кызы болом. Таласка медициналык билим алуу үчүн келгем. Бирок үй-бүлө куруп калгандыгыма билимимди уланта алган жокмун. 1966-жылы Көк-Кашат айылына үйдүн улуу келини болуп келдим. Кайын атам, кайын энем абдан жакшы чыкты. Оорумду колдон, жеңилимди жерден алып, мага бир канча жеңилдиктерди берип келишти. Келин болуп келгенде кыйынчылык деле болгон жок. Бир аз тилибизден эле кыйналбасак, калганын баары окшош. Өзүм 27 жыл саанчы болуп иштедим, жолдошум мал доктур болуп иштеп келди. Жаш кезибизде кайын ата, кайын энемдер төркүнүмө бат-баттан жөнөтүп турушту. Азыр болсо 1 жылда 2-3 жолу барып турам.

Кудайга шүгүр бактылуу карыяларбыз десем болот. Турмуштун ысык-суугуна күйүп, оор-жеңилин бирге көтөрүп, бири-бирибиз менен кеңешип иш кылып, балдарыбызга татыктуу тарбия берип ушул убакка жеттик. Балдарым, неберелерибиз, кыз, күйөө балдарым, ден соолугубузду сурап келип турушат. Азыркы учурда кичүү келинимдин колундабыз. Апа-аталап ысык чайын берип турат. Келиним менин оң колум, кеңешчим.

Жубайлар уул-кыздарынан 16 небере, 8 чөбөрөлүү болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×