Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Манастык Б.Кожомуратов 7 жылдан бери кыргыз күрөштөн чемпиондук курларды тагынууда (фото)

Turmush -  Манас районунун Бала-Саруу айылынын 23 жаштагы тургуну Бектуркан Кожомуратов 7 жылдан бери кыргыз күрөшү менен машыгып, мелдештерден алдыңкы орундарды ээлеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, спортко кызыгуусуна акелери түрткү болгон.

«Алардын күрөшүп жеңип жаткандарын көрүп кызыгуум күчөдү. Кыргыз күрөшү менен машыгып жатканыма 7 жыл болду. Азыр күрөштүн 2 түрү менен машыгам: белбоо жана кыргыз күрөшү. Мелдештерге 84 кг салмакта чыгам. Азыркы учурда дене-тарбия академиясында окуйм. Үй-бүлөм башында каршы болгон, бирок кийин көнүп мага колдоо көрсөтүп калышты. Биринчи агайым Уларбек Сагындыков болгон, азыркы машыктыруучум Азамат Осмонбеков. Күнүнө 2-3 саат машыгам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле спорттогу ийгиликтерин айтып берди.

«2012-жылы мектептеги кезимде 7-8 кг арыктап, окуучулар арасында спартакиада 1-орунду алгам. Эмнегедир ошол жеңишимди азыркы учурга чейин унутпайм. 2015-жылы Казань шаарында өткөн дүйнө чемпионатынан 2-орунду, Оренбургда өткөн дүйнө кубогунан 2-орунду алгам. 2016-жылы Азия чемпионатынан 2-орунду ээлегем. 2016-жылы Көчмөндөр оюндарынан 1-орунду алгам. Быйыл студенттер арасындагы Евразия кубогунан 1-орунду алдым. 2015-2016-2017-жылдары Кыргызстандын 3 жолку чемпиону болуп, эл аралык спорт чебери наамын алдым.

Мени ушунун баарына жеткирген ата-энеме, бир туугандарыма, досторума, агайларыма ыраазычылык билдиргим келет. Алар мага дагы жеңиштерди багынтуума колдоо көрсөтүп турушат», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1050
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×