Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Жаш талант: Манастык 16 жаштагы Жанадил Нылды кичи ГЭСнин макетин жасап, жакырчылыктан чыгууну сунуштады (фото)

Turmush -  Манас районунун Нылды айылынын 16 жаштагы тургуну Жанадил Шекербеков Нылды кичи ГЭСнин жана жүн иштетүүчү жабдыктын макетин жасап чыкты. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Ө.Израилов атындагы орто мектепте 9-класста аяктады. Жасаган макеттери менен «Жаш талант» сынагына да катышты.

«Физика сабагын окугандан баштап техникага болгон кызыгуум арта баштады. Сынакка карата Нылды кичи ГЭСи жана жүн иштетүү жабдыкта жасап чыктым. Башында эмне жасасам деп бир канча убакыт ойлонуп жүрдүм. Көп өтпөй аталган макетти жасоону туура көрдүм. Ойлоп табуучулук боюнча кароо сынак Ош шаарында болуп өткөн. Таймашка республиканын ар кайсы облустарынан барган балдар катыштык. Талас өрөөнүнөн мен тандалып баргам. Жыйынтыгында жасаган жабдыктарым бааланып, 1-орунга ээ болуп кайттык. Бул идеяны сунуштоо менен элеттиктерди жакырчылыктан чыксам деп дейм», - деди ал.

Жаш ойлоп тапкычка физика сабагын окуткан мугалими Айжамал Барпыбекованын айтымында, анын техникага болгон кызыгуусу күч.

«Жанадил 7-класстан баштап ийримге катышып келет. Жыл сайын райондук, облустук, эл аралык сынактарга катышып байгелүү орундарга ээ болуп жүрөт. Өзүнүн техникага болгон кызыгуусу жакшы, «элет жерине керектүү жабдык жасап элге жардам берсем» деп ойлойт. Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылына арналган интелектулдык сынакка катышып, 1-орунга ээ болуп келди. Сынакта Жанадил макеттин чиймелерин так айтып берип, сынактын талаптарында көрсөтүлгөн жоболорун туура аткарып берди. Жанадил биздин сыймыгыбыз», - деди мугалим.

Апасы Дилара Сманкулова баласынын кичинесен эле үй буюмдарын оңдоп коёрун кошумчалады.

«Жанадил балдарымдын улуусу. Мүнөзү ак көңүл, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган элпек бала. Кичинесинен эле техникага кызыгып, ар кандай үй буюмдарын оңдоп коёр эле. Уулумдун бул өнөрүнө сыймыктанабыз жана ар дайым колдоо көрсөтүп турабыз. Биз үчүн быйылкы Ош облусунда болуп өткөн эл аралык кароо сынактан баш байгени алып келгени кубанычтуу болду», - деди апасы.

Жанадил үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 924
Көп окулду
×