Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Талас

Айыл турмушу: Таластык мугалим Т.Изабаеванын окуучулары жолуккан сайын ыраазычылык билдирип турушат (фото)

Turmush -  Талас районунун Жоон-Арык айылынын 56 жаштагы тургуну Тынчтык Изабаева элеттеги мектепте 33 жылдан бери химия сабагы боюнча мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы мугалим эжеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда директордун тарбия иштери боюнча орун басары.

«Өзүм Талас районуна карашту Кырк-Казык айылында төрөлгөм. 1979-жылы мектепти аяктадым. Мектепте окуп жүргөн кезимде эле химия сабагына кызыкчумун. 1984-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер педогогикалык институтунун химия-биология факультетин аяктадым. 1985-жылы Таласка келип, ошол жылдан тарта А.Нуржанов атындагы мектепте эмгектенип жатам. Бул жылдар ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Химия сабагы боюнча республикалык олимпиадага 8 окуучуну чыгарып, байгелүү орундарды камсыздап келишти. Облустук деңгээлге 20 окуучуну чыгарып, ийгилике жетиштим. Азыркы учурда окуткан окуучуларымдын айрымдары медициналык окуу жайда билим алып, айрымдары химия факультетинде окуп жатышат. Андан тышкары окуу завуч болуп иштеп, 19 жылдын ичинде бир нече мугалимдин «Жылдын мыкты мугалими» деген наам алышына көмөк көрсөттүм. «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисинин жана башка бир топ сыйлыктардын ээси болдум», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле окуучулар менен туура иштеше билүү чоң мааниге ээ экендигин кошумчалады.

«Университетте билим алып жатып практикага чыктык. Мени Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы мектепке жиберишти. Мектептен мага аябай тентек класс делген 10-класска класс жетекчи кылып шайлашты. Биринчи сабагыма өзүм үйдөн аябай даярданып, окуу материалдан сырткары кызыктуу факты, окуяларды окуп баргам. Тема каучук жөнүндө эле. Сабагымды өтүп жатсам эң алдыңкы партадагы бир окуучум отуруп алып менден көзүн албай аябай карады. Бир жерим туура эмес болуп калдыбы деп ичимден улам ойлонуп жаттым. Сабак бүткөндө ошол бала жаныма келип «эже мен сабактарга кызыкпайм, бирок бардык сабактардан сиздин сабагыңыз аябай жакты, көп нерсени билдим» деп кубанткан. Ошол тентек класс менен иштешип, чогуу саякаттарга чыгып, тарбиялык иштерди өткөрүп, натыйжада мектептен эң алдыңкы класс болуп чыкты.

Ар бир окуучунун жөндөмүн табуу керек. Аскар деген окуучум бар эле. Ал өзү токтоо, орто окуган бала болчу. Мугалимдер аны эч бир сабактан предметтик олимпиадага даярдоого албай коюшуптур. Окуучулар арасында эрегишүүлөр, түшүнбөстүктөр болуп жатканын байкап калдым. Анан Аскарды чакырып, анын жан-дүйнөсүн ачып, химия сабагынан олимпиадага даярдай баштадым. Натыйжада башка окуучулардан да мыкты көрсөткүчкө жетишти. Учурда турмушта өз ордун таап кеткен. Бирок мени кайсы жерде жолуктурбасын ыраазычылыгын айтып турат.

Турмушта ордун тапкан окуучуларымдын ар бири менен сыймыктанам. Себеби алардын ийгиликтеринде менин да үлүшүм бар», - деди ал.

Мугалим айым жолдошу Аржал Жуманалиев менен 1984-жылы баш кошкон. Экөө 1 кыз, 2 уул, 5 неберенин ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1161
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×