Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Фото — Таластын Калба айылындагы классташтар жалгыз бой энеге үй салып берип жатышат

Turmush -  Талас районунун Калба айылындагы мектепти 10 жыл мурда аяктаган классташтар жалгыз бой айылдашы Мыскал Чойбековага үй куруп берип жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мыскал айымдын өзүнүн айтымында, Жолдошу каза болуп калган. Өзү 4 баланын апасы.

«Улуу 2 кызым турмушка чыгып кетишкен. Алардан кийинки кызым 1-классты аяктаса, кенже уулум 6 жашта. Азыр үчөөбүз жашайбыз. Жолдошум мындан 3 жыл мурун катуу оорудан улам көз жумган. Каражат жогунан үй кура албайбыз. Бул үйүбүзжүн акыбалы күндөн күнгө начарлап бара жаткан. Дубалдарынан жаракка кетип, полдор түшүп, кышта абдан кыйналып, балдарым ооруп чыгышкан. 10 жылдыктар 1 ай мурун келишип, 7 бала тамдын пайдубалын куя башташты. Аларга абдан ыраазычылыгымды билдирем. Рахмат ушул балдарга, кайдыгер карабай жардам берип жатышат. Көп жашап, балдарынын урмат-сыйларын көрүшсүн. Уулум менен кызым дагы акылдуу чоңоюуп, балдарым дагы өз учурунда башкаларга жардам беришсе деп тиленем», - деди ал.

Жалгыз бой апа балдарын талаачылык жумуштарда иштеп багат.

«Үйдөгү чарбакка төө буурчак, жашылча тигип балдарымды багам», - деди ал.

Классташтардын айтымында, үйдүн курулуш күзүндө аяктайт.

«Барыбыз чогулуп, 10 жылдык мааракени да кылдык. Көптөн бери «айылыбызга жакшы иш кылып, келечекке үлгү болсок» деген оюбуз бар эле. Айылдашыбыз Мыскал эженин жашап жаткан үйүнүн акыбалын дайым көрүп жүрөбүз. Чогулуп сүйлөшүп «жаңы чакан үй куруп берели» деп ишти баштадык. Курулушту буйруса күз айларына аяктап калабыз», - деди алар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 670
Көп окулду
×