Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Жаш талант: Таластык 13 жаштагы Р.Эсенбеков төө буурчак чабуучу комбайндын макетин жасады (фото)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 13 жаштагы тургуну Рустам Эсенбеков күйүүчү майга үнөмдүү төө буурчак чабуучу комбайндын макетин жасап чыкты. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 6-классты аяктады.

«Кичинемден ар нерсени чачып көргөндү жакшы көрчүмүн. Ичин ачсам кандай болду экен деп бардык эле нерсеге кызыга берчүмүн. 4-класстан баштап техникага аралашып, чакан макеттерди жасай баштадым. Бизде мектепте «Чебер колдор» деген ийрим бар. Апам агайым Мирзат Байдалиевге сунуштап, ал жеке тапшырмаларды бере баштаган. Алгач эле канализация системасынын сүрөттөрүн тартып, ЮНИСЕФ уюштурган таза суу боюнча сынакта 1-орун алгам. Андан соң «Атам, апам жана мен — техникалык үй-бүлө» деген сынакка атам, апам менен чогуу катышып, ал жакка майга үнөмдүү төө буурчак чыгаруучу комбайн жасагам. Ал сынактан 3-орунду алганбыз. Быйыл Бишкек шаарында өткөн «Илим техника жана ойлоп табуу» жумалыгынын алкагында уюштурулган олимпиадада жерден артезиан суусун каза турган техника жасап барып, 2-орунду камсыздадык. Май айында Ош шаарында өткөн эл аралык сынакта таштанды тазалагыч жасап 3-орунду алып, Ысык-Көлгө 7 күнгө жолдомо алдым.

Бул кызыгуума үй-бүлөмдүн колдоосу чоң. Керектүү нерселерди алып беришет. Мага чол колдоо көрсөткөндөр — чоң атам менен атам. Чоң атам Суусамыр жайлоосуна 2 кабатту боз үй жасаган. Атам ширетүүчү, автомеханик. Атамдын унаа оңдогунун көрүп, мен да үйрөнүп алам», - деди ал.

Жаш ойлоп табуучу үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1000
Көп окулду
×