Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 01.06.2018 11:52

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык А.Шаботоев арабча каллиграфия менен сүрөттөрдү тартат (видео)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 21 жаштагы тургуну Адилет Шаботоев араб тамгалары менен каллиграфия тартат. Аймактык кабарчы сүрөтчү жигиттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, араб тилин 1-курсунда университеттен үйрөнгөн.

«2016-2017-жылкы окуу жылында М.Кашкари атындагы Чыгыш университетинин лингвистика бөлүмүнө тапшыргам. 1-курста окуу башталгандан 1 айдан кийин эле каллиграфиялык сүрөттөрдү тарта баштадым. Сүрөт тартууну кичинемден кызыгып өздөштүргөм. Апам сүрөт тартып үйдү кооздочу эле. Араб тамгасын мурда мечиттен үйрөнгөм. Мындай сүрөттөрдү тартууг кызыгып калышыма окуу жайдагы кооз тамга менен тартылган сүрөттөр түрткү болду.

Биринчи эле арстан тарткам. Ошол тарткан арстаным менен сынака катыштым. 1-орунду ээлеп, каллиграфия ого бетер кызыгып калдым. Ал арстанды тартууга 2 күн кеткен. Анан улам үйрөнгөн сайын чоңойтуп, ат дагы тартып калдым. Анан дубалга тарта баштадым. Жакындарыма белек катары Таласка жөнөтүп, барган сайын алып барып турдум. Кызыккандар табылды. Араб каллиграфиясына Курандагы аяттар, сүрөө, келме жазылат. Азыр көптөр буйрутма берип тарттырышат. Тартылган каллиграфияга жараша баалары 500 сомдон, 4 миң сомго чейин болот. Размерлери кадимки А4 А3 барактан башталып, узуну 104 см, туурасы 73-78 см чейин болот. Чоң көлөмдөгү арстандан 4 даана, аттан 3 даана тарттым. А3-А4 барактарга тартканга 3-4 саат убакыт кетет», - деди ал.

Сүрөтчү жигит келечекте чет мамлекеттен билим алууну кыялданат. Үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×